Тажикстандын кол салуусунда 50 аскер кызматкери каза тапты
RU

Тажикстандын кол салуусунда 50 аскер кызматкери каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр-чатактын кесепетинен 62 жаран, анын ичинен 50 аскер кызматкери жана 12 жөнөкөй тургун каза тапты. Ал эми 195 жаран ар кандай жаракаттарды алышканын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Баткен облусунун аймагынан жалпы 136 миң 770 жаран эвакуацияланган

Баткен районунан Миң-Булак, Үч-Төбө, Таш-Тумшук, Көк-Таш, Ак-Сай, Көк-Терек, Орто-Боз, Самаркандек, Бужум, Кара-Бак, Чоң-Талаа, Чек, Жаны-Жер, Дөбө, Миң-Өрүк, Достук айылдарынан 54 684 жаран эвакуацияланып, Кара-Булак, Рават, Боз-Адыр, Кара-Токой, Газ, Согмент, Таян айылдарына, Кадамжай районуна жана Кызыл-Кыя шаарына убактылуу жайгаштырылган.

Баткен шаарынан 25 600 жаран эвакуацияланып, Кадамжай районуна, Кызыл-Кыя шаарына убактылуу жайгаштырылган.

Лейлек районунан Кулунду, Борбордук, Интернационал, Арка, Саада, Максат, Достук айылдарынан 56 486 жаран эвакуацияланып, Сүлүктү, Раззаков шаарларына, Кара-Булак, Коргон, Самат, Булак-Башы, Маргун,айылдарына убактылуу жайгаштырылган.

Кырдаалдын кесепетинен бузулган курулуштар

Бүгүнкү күнү 640 турак үй - 430 үй жашоого жараксыз, 210 үй оңдоп-түзөөгө муктаж, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП, 336 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер, 1 унаа өтүүчү көпүрө, 55 унаа зыянга учураган.

Жабыркаган жарандарга көрсөтүлгөн гуманитардык жардам

Баткен облусуна жалпы 1550,637 тонна гуманитардык жардам жеткирилген. Анын ичинен 265,717 тонна ӨКМ тарабынан, 1036,62 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 248,3 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8628