Жашы жете элек кызга баш кошкон милиция иштен алынып, имам жоопко тартылды
RU

Жашы жете элек кызга баш кошкон милиция иштен алынып, имам жоопко тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда имам жана милиция кызматкери нике курагы жөнүндө мыйзамды бузган дешет Башкы прокуратурадан.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук прокуртурасы текшерүү жүргүзүп, нике курагы жөнүндө мыйзам бузуу фактысын аныктаган. Анда Сузак районунун 28 жаштагы тургуну Э.К. Сузак РИИБдин кызматкери болгондугуна карабастан 2005-жылы туулган кыз менен баш кошкону такталган. Алардын никесин Акман айыл өкмөтүнүн имамы И.Р. кыйган.

Бул факты боюнча милиция кызматкерине, имамга жана жашы жете элек кыздын апасына 175-берене ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу") менен айыптары угузулду. Мындан сырткары милиция кызматкери иштен бошотулду.

Учурда кылмыш иши боюнча материалдар сотко жөнөтүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8637