Түркияда кыргыз кызы сексуалдык кулчулукка кабылган. Шектүү катары Чүйдүн тургуну кармалды
RU

Түркияда кыргыз кызы сексуалдык кулчулукка кабылган. Шектүү катары Чүйдүн тургуну кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери чет өлкөлөрдө сексуалдык эксплуатациялоо максатында адамдарды сатуу менен алектенген топтун ишине бөгөт коюшту. Шектүү катары 31 жаштагы аял киши кармалганын министрликтен кабарлашты.

Белгилүү болгондой, белгисиз аял жогорку маяна алуучу жумушка орноштуруу шылтоосу менен жаш кызды Түркияга жиберген. Милиция кызматкерлери маалыматты текшерип, чет өлкөгө чыккан кыз адам сатуунун курмандыгы болуп, сексуалдык эксплуатацияга дуушар болгону такталган.

Бул факты боюнча 166-беренеси "Адамдарды соодалоо" менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Чүй облусунун 1991-жылы туулган Ж.К. (аял киши) аттуу тургуну кармалды. Ал дагы бир кыргыз жаранын жогорку акы төлөнүүчү жумушка орноштурууну убада кылып, сексуалдык эксплуатациялоо максатында чет өлкөгө жиберүүгө ниеттенип жаткандыгы такталды.

Соттун чечими менен кармалган жаранга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Азыркы учурда адамдарды сатуу фактысы боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8639