Эрбол Султанбаев: Министрдин кармалышы боюнча президент кабардар болду
RU

Эрбол Султанбаев: Министрдин кармалышы боюнча президент кабардар болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалышы боюнча президентке маалымат берилди. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирет.

"Алмазбек Бейшеналиевдин кармалышы боюнча Садыр Жапаров кабардар болду. Бул иштин ар тараптуу иликтениши боюнча бардыгы камсыздалат", - деп жазды Султанбаев.

Белгилей кетсек, Алмазбек Бейшеналиев ири өлчөмдө пара алууга шектелип 28-сентябрда кармалды. ИИМден кабарлашкандай, министр чет элдик студенттерди жогорку окуу жайга кабыл алуу үчүн 110 миң доллар пара алганга шектелүүдө. Ал эми министрдин жакындары анын кармалышын атайын уюштурулган дешүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8648