Бишкекте баңги затын ири өлчөмдө таратып жүргөн жаран камакка алынды
RU

Бишкекте баңги затын ири өлчөмдө таратып жүргөн жаран камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте милиция кызматкерлери баңги затын жеткирип берген кезектеги каналы ачыкталды. Бул тууралуу Бишкектин ШИИБси кабарлады.

Борбор шаарда белгисиз адамдар ири өлчөмдө баңгизатын сатып жаткандыгы аныкталган. Андан тышкары алар түзөтүү мекемелерине да тыюу салынган заттарды жеткирип келишкени белгилүу болду.

Бул факт Ленин районунун КЖБРине катталып, "Баңгизатын, психотроптук заттарды жана анын аналогдорун сатуу максаты менен мыйзамсыз даярдоо" 267-берененин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Борбордук милициянын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери шектелүүчү, 1988-ж.т. К.М.ди камакка алышты. Тинтүү учурунда анын жанында желим баштыкка оролгон 1 кг 425 грам салмактагы баңгизаты табылган. Шектелүүчү учурда Бишкек ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/864