Өкмөт үйүнүн алдында митинг өттү. Эл айдоо жерлерин басып алууга каршы чыкты
RU

Өкмөт үйүнүн алдында митинг өттү. Эл айдоо жерлерин басып алууга каршы чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-мартта Өкмөт үйүнүн алдында Ленин айыл өкмөтүнүн жашоочулары митингге чыгышты. Алар Аламүдүн районунун акими Марс Саккараевдин жана Ленин айыл өкмөтү Найзабек Көлбаевдин отставкасын талап кылышууда.

Алардын айтымында, эки райондун жергиликтүү бийликтери Ленин айыл өкмөтү менен биригип алып, айдоо жана үлүш жерлерди сатып жатышат.

"Жерлер Мыкан айылынын жанында жана Ленин районуна караштуу, бирок жергиликтүү бийлик эч нерсе менен иши жок, ал эми Аламүдүн айыл өкмөтү өз билгенин кылып жатат", - деп тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, коррупциянын айынан жерлер сатылып, жергиликтүу бийлик жерлерди басып алып жатышат, дегенге шылтап, эч кандай чара көрбөй келет. "Албетте, мараторийге карабастан өздөрү жерди сатып жатса, жер басып алгандар келет да. Биз алардын логикасын жакшы түшүнүп турабыз", - деди митингге келгендердин бири.

Эске салсак,1-мартта, Чүй облусунун Ленин айыл өкмөтүнүн Мыкан айылында жүздөн ашык киши чогулган. Алар айыл чарбачылыкка берилген жерлерди менчик үйлөрдү курууга берүүнү талап кылышкан. Андан кийин митингчилер "Ак-Жар" жаңы конушуна барышты. Ал жерден президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, жер маселесин чечип берүүсүн суранышкан. Ал эми 2-мартта алар жаңы конуштун жанына чогулуп алып, жөн эле жерлерди басып алууну чечишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/865