"Кесипкөйлүктүн эталону". Билим берүү министрлигинин эмгек жамааты президентке кайрылды
RU

"Кесипкөйлүктүн эталону". Билим берүү министрлигинин эмгек жамааты президентке кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлигинин эмгек жамааты Алмазбек Бейшеналиевдин кармалышы боюнча президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, Жогорку Кеңештин спикери Талан Мамытовго кат жолдошту. Алар жүргүзүлө турган иликтөөнүн объективдүүлүгүн камсыздап берүү өтүнүчүн келтиришкен.

"Алмазбек Бейшеналиев билим берүү тармагында жогорку квалификациялуу адис, дүйнөнүн мыкты окуу жайларында иш тажрыйбасы мол инсан катары биринчи кезекте билим берүүнүн сапатын, анын ичинде кесипке даярдоону, инфраструктураны бекемдөө үчүн алгылыктуу реформаларга багыттады. Анын пландары өлкөнүн билим берүү системасын программалык түрдө кайрадан реформалоо болуп саналат. Бейшеналиевдин жетекчилиги астында билим берүү системасы мектепке чейинки билим берүүдөн баштап, жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү жана адам капиталын башкарууга чейинки билим берүүнүн мазмунун башкаруунун жаңы технологияларын киргизүү аркылуу эл аралык билим берүү чөйрөсүнө чыгууга ишенимдүү кадам таштады", - деп айтылат кайрылууда.

Эмгек жамааттан белгилешкендей, Алмазбек Бейшеналиевич баштаган реформалар көп жылдардан бери алгачкылардан болуп өлкө жетекчилигинен колдоо тапты. "Ал ийкемдүү окутуу стандарттарын түзүп, адистерди даярдоонун механизмдери иштелип чыкты. Анын программалык иш-чаралары балдардын жогорку деңгээлдеги билим алуусуна багытталган", - дешет кызматкерлер.

Алмазбек Бейшеналиев министрликтин борбордук аппаратынын түзүмүн түп тамырынан бери кайра түзүп, кызматкерлердин интеллектуалдык жана чыгармачылык потенциалын ачып, тынымсыз ой жүгүртүү жана тажрыйба алмашуу режиминде иш алып барганын кошмчалашты министрликтен.

"Алмазбек Бейшеналиевич ар бир кызматкерге жекече мамиле жасап, ар кандай көйгөйлөрдү чечүүдө эмгек жамаатка колдоо көрсөткөндүгү менен айырмаланат. Биздин министр эмгек жамаатта чоң кадыр-баркка ээ экендигин жана биз үчүн интеллигенттүүлүктүн, ак ниеттүүлүктүн жана кесипкөйлүктүн эталону экендигин билдиребиз. Мындан улам биз сиздерге кайрылабыз. Анткени өлкөбүз мекенине ак кызмат өтөгөн потенциалдуу кадрын колдон чыгарып жибере албайт", - деп айтылат кайрылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8663