Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 16 алтын медаль жеңди
RU

Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 16 алтын медаль жеңди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан жалпы 58 медаль жеңди. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстан спорттун 14 түрүнөн мелдештерге катышты. Спортчулар жалпы 58 медаль, анын ичинен 16 алтын, 17 күмүш жанан 25 коло медаль утушту.

  • Алыш бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча 5 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль.
  • Алыш бел боо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча 4 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль.
  • Казак күрөшү боюнча 3 коло медаль.
  • Шалвар күрөшү боюнча кыргыз балбандары 1 күмүш жана 2 коло медалдын ээси болушту.
  • Аба күрөшү боюнча курама команда курама команда 2 күмүш, 1 коло утту.
  • Капышмалы аба күрөшү боюнча 3 медаль.
  • Мас-рестлинг боюнча курама команда Кыргызстандын эсебине алгачкылардан болуп 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байге алып келди.
  • Салттуу жаа атуу боюнча командалык эсепте эркектер арасында 1 алтын жана кыздар арасында 1 коло байгеге ээ болушту. Ошондой эле жекелик эсепте кыздар арасында 1 коло байге ээледи.
  • Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча курама команда финалдык беттеште 5:0 эсебинде Казакстан курама командасын жеңип чемпион болушту. Ошондой эле жер улак (көк пар) боюнча беттеште Кыргызстан күмүш медалдын ээси болду.

Мындан сырткары тогуз коргоол жана кыргыз күрөшүнөн көрсөтмө оюндар болуп өттү.

Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болуп өттү. Мелдештер 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8686