Качан жылуулук берилет. Мэриянын жообу
RU

Качан жылуулук берилет. Мэриянын жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жылытуу мезгилинин башталышы абанын орточо температурасы беш күн катары менен +8 °С чейин төмөндөгөндө аныкталат. Ал эми бүгүн, 3-октябрда үчүнчү гана күн болду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Объекттерди кошуу бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Экинчи кезекте объекттин кышкы шарттарда иштөөгө даярдыгы жөнүндө актты бар, мурда керектелген жылуулук энергиясы үчүн карызы жок турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, турак жайды туташтырууда үйлөрдүн үстүнкү кабаттарынын жылытуучу приборлорундагы Майевский крандары аркылуу жылуулук системасынан абаны чыгаруу зарыл.

"Бул чара жылуулуктун батирлерге агымын тездетет", - деп түшүндүрүштү мэрия.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8688