Көчмөндөр оюнунда Манас Ниязов минген ат жана тайказан вандык кыргыздарга берилди
RU

Көчмөндөр оюнунда Манас Ниязов минген ат жана тайказан вандык кыргыздарга берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көчмөндөр оюнунда Манас Ниязов минген ат вандык кыргыздарга берилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов кечээ, 2-октябрда Түркиянын Изник шаарында билдирди.

"Бул жерге (Түркияга) тайказаныбызды алып келип орноттук. Көк бөрү өнүгүп-өссүн деп муну калтырып жатабыз. Муну ушул жердеги ванн кыргыздар ойнойт. Ошолорго калтырып жатабыз. Аттарды алып келүүгө акчадан улам эмес, техникалык жактан мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок. Аттарды ижарага алганбыз. Анын арасынан Манас Ниязов минген атты сатып алдык эле. Ошону дагы вандык кыргыздарга белек катары калтырабыз", - деди министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8695