Айдана Дека: Түркиядан, Дубайдан үй алгыла деген сунуштар болгон (маек)
RU

Айдана Дека: Түркиядан, Дубайдан үй алгыла деген сунуштар болгон (маек)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Айдана Дека акыркы жаңылыктары, чыгармачылыгы жана үй-бүлөсү тууралуу Kaktus.kg сайтына маек курду. Анда чет өлкөдөн эмес көл жээктен алган турак-жайы боюнча ырчы буларга токтолду.

"Жолдошум экөөбүз аябай эле патриотпуз. Баш кошконубузга 3 жыл болгонун утурлай Түркияга барып эс алдык. Деңиз жээгине барып сууга түшө албай келдик. Шарттары сонун, кооз имараттары бар, бирок биздин көлгө жетпейт. Көлдүн жээгинде үйүм болсо деген кыялым бар болчу. Жолдошума айтсам макул болуп алып калдык. Андан тышкары ата-энебиз Оштон жер тилкесин белек кылган, буюрса ал жакка да үй куруп баштайбыз. Ага чейин Түркиядан, Дубайдан үй алгыла деген сунуштар болгон. Бирок биринчи өзүбүздүн өлкөдөн алалы деп чечтик. Кудай буюрса, каалообуз болсо чет өлкөдөн да үй аларбыз, бирок азырынча план жок", - деди ырчы.

Ал эми жакында эле баш кошкон Кутман Айылчиев менен Океана Урматбекке өкүл ата, өкүл апа болушканы тууралуу да сүйлөштүк.

"Эң биринчи Океана экөөбүз берүүнүн алкагында таанышып, бири-бирибизди эже-сиңдидей көрүп калдык. Океана эч кимге окшобогон башкача, периштедей эле көрүнөт. Кийин жолдошум экөөбүз "Кызганам" деген ырыбызга клип тарттыралы деп, эки кыздын ата-энеси болуп калдык, өзүбүз тартылсак бир аз жарашпай калат, жаштарды тарталы дедик. Дароо эле оюбузга Кутман менен Океана келди. Бирок мен ага чейин алар клиптерге тартылбайт деп уккам. Бир жолу айтып көрөйүн деп сунуштасак макул болушту. Күндөрдүн биринде эле "бизге өкүл ата, өкүл апа болбойсуздарбы" деп калышты", - дейт ал.

Айдана Деканын айтымында, буга чейин өкүл ата, өкүл апа болуп бергиле деген көптөгөн сунуштар болгон. Бирок белгилүү себептерден улам баш тартып келишкенин айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8701