Кыргызстанда жүндөн жер семирткич алуу ишканасы курула баштады
RU

Кыргызстанда жүндөн жер семирткич алуу ишканасы курула баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда алгачкы жолу жүндөн жер семирткич чыгаруучу ишкана курулат. Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан кабарлашкандай, учурда Ак-Суу районунда ишкананы куруу иштери башталды.

Фонддун маалыматына караганда, ишкер айым Европа өлкөлөрүнүн жүндү иштетүүдөгү тажрыйбасын көрүп, Кыргызстанда ишкана ачууну көздөгөн. Ал 2022-жылы долбоор жазып, Ысык-Көл облусун өнүктүрүу фондуна кайрылган. Долбоор фонд тарабынан жактырылып, 14 миллион сом пайызсыз насыя бөлүү чечими кабыл алынган. Учурда 5 миллион сом каражат фонд тарабынан бөлүнүп берилди.

Ишкердин айтымында койдун жүнүн иштетүү тармагын кайрадан жандандыруу зарыл.

Себеби бул тармак экономикалык жана экологиялык жактан алып караганда өлкө үчүн өтө чоң пайда алып келе алат. Алсак бүгүнкү күндө малчылар койдун жүнүн сата алышпай жөн гана ыргытып жеберүүгө мажбур болушат. Ал эми кайра иштетүүчү ишканалар ачылса жүндү өткөрүп, киреше табуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле 20дан ашык жаңы жумуш орундары түзүлмөкчү. Болочоктогу ишканадан өндүрүлгөн жер семирткичтерди Европа өлкөлөрүнө, анын ичинде Германияга экспортто мерчемделүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8717