Эл аралык издөөдө жүргөн "Азаматулло" Египетте кармалды
RU

Эл аралык издөөдө жүргөн "Азаматулло" Египетте кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлиги эл аралык издөөдө жүргөн "Азаматулло" каймана аттуу кыргыз жаран кармалганын маалымдайт. Мекемеден билдиришкендей, алдамчылыкка шектелген жаран Египетте жүргөн.

Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн 42 жаштагы А.А. Каирде кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүгүндө (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) каралган кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Учурда Башкы прокуратуранын жардамы менен шектүүнү Кыргызстанга кайтаруу жана тергөө органдарына өткөрүп берүү маселеси иштелип чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8732