"Элдик Көзөмөл" коомдук бирикмесинин кызматкери пара алып кармалды
RU

"Элдик Көзөмөл" коомдук бирикмесинин кызматкери пара алып кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жергиликтүү соттордун биринин төрагасынан акча талап кылып коомдук бирикменин кызматкери кармалды. УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кармалган жаранга буга чейин дагы эки берене менен кылмыш иши козголгон.

Белгилүү болгондой, 3-октябрда пара талап кылуу фактысы боюнча "Элдик Көзөмөл" коомдук бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучу А.О. 200 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Ал кыймылдуу мүлктү сатып алууда карыз тууралуу жасалма маалыматты жашыргандыгы үчүн жергиликтүү соттун төрагасынан 3600 доллар акча талап кылган.

Эгер акча бербесе жасалма маалыматты өлкөнүн жогорку жетекчилигине жеткирерин, массалык маалымат каражаттарында жарыялай турганын айтып коркуткан. Ошондой эле президенттик администрацияда байланыштары бар экенин айткан. Кармалган кызматкерге карата мурда "зордуктоо" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8735