Санкт-Петербургда ууланган кыргыздардын абалы боюнча элчилик маалымат берди
RU

Санкт-Петербургда ууланган кыргыздардын абалы боюнча элчилик маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Санкт-Петербург шаарында 27 кыргыз жараны ууланган. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен уулангандардын абалы канааттандырарлык экенин кабарлайт.

Белгилүү болгондой, 27 кыргыз жараны Санкт-Петербург шаарында курулуш иштерин аткарып жүрүшкөн. Аларды "Прайдекс" ишканасы жатакана жана 3 маал тамак менен камсыз кылган.

Бейтаптар азыркы учурда С.П.Боткин атындагы клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышат. Абалдарыы канааттандырарлык деп бааланууда. Роспотребнадзор тарабынан текшерүү жүрүп, суунун жана тамак-аштын үлгүлөрү алынган.

Учурда бул окуянын бардык жагдайларын элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери такташууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8753