Жактоочу батирден чыгарылгандарга кеңеш берет
RU

Жактоочу батирден чыгарылгандарга кеңеш берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы учурда Бишкекке чет элдик жарандардын агымы байкалууда. Анын бир белгиси - ижарага алынган батирде жашап жаткан жергилктүү тургундардын турак жайдан чыгарылышы.

Бүгүнкү күндө ижарага алынган батирден чыгарылгандар баасы чөнтөккө ылайыктуу болгон үй издөө менен убара. Жактоочу Шердор Абдыкапаров мындай чукул абалга туш болуп калбоо үчүн кеңеш берет.

  • Батир ээси менен кагаз түрүндө келишим түзүү. Оозеки түрдөгү макулдашуу юридикалык күчкө ээ эмес, маселе чечилбейт.
  • Эгер макулдашуу кагаз түрүндө болсо батир ээси 3 ай мурда эскертүү берет. Берилген убакыт аралыгында ылайыктуу батир таба албай калсаңар кожоюн үйдөн чыгара албайт.
  • Макулдашуу кагаз түрүндө болсо кожоюн батирдин ижара акысын көтөрө албайт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8756