"Аскер Курулуш" мамлекеттик ишканасы мамлекетке 2 миллион сомдон ашык зыян келтирген
RU

"Аскер Курулуш" мамлекеттик ишканасы мамлекетке 2 миллион сомдон ашык зыян келтирген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Аскер Курулуш" мамлекеттик ишканасы мамлекетке 2 миллион сомдон ашык зыян келтирген Аскер прокуратурасы тарабынан "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынын коронавирус инфекциясынын алкагында "Ганси" техникалык колдоо борборунун имараттарын жана курулуштарын дарылоо-обсервациялык пунктуна кайрадан жабдууга бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттарын өз пайдаларына сиңирип алган фактысы аныкталды. Мындай маалыматты Генералдык прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүдө белгилүү болгондой, "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары курулуш иштерин жүргүзүүдө айрым курулуш ишканалары менен жең ичинен сүйлөшүп аткарылган иштердин көлөмүн негизсиз жогорулатып, колдонулган материалдардын жана жабдуулардын баасын атайылап кымбаттатып, аткарган иштери жөнүндөгү актыларга бир эле иштин түрүн кайталап көрсөтүүгө жол беришкендигинин

натыйжасында мамлекетке 2 500 000 сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча текшерүүнүн материалдары Аскер прокуратурасы тарабынан КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/875