Элдин кыжырдануусун жараткан "Үч кемпир" тасмасынын режиссёру Баткен элинен кечирим сурады
RU

Элдин кыжырдануусун жараткан "Үч кемпир" тасмасынын режиссёру Баткен элинен кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Узап кеткен аптада социалдык тармакка "Үч кемпир" тасмасынын үзүндүсү жарыяланып, кызуу талкуу жаратты. Анда баткендик апанын образы көпчүлүктүн кыжырын келтирди. Айрым интернет колдонуучулар маселе туура чагылдырылганын айтып чыгышты.

Көптөгөн талкуулардан улам президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев тасмага тиешелүү маданият адамдарынан кечирим суроону талап кылды.

"Социалдык тармактарда мындай видеонун чыгышы албетте, Баткен элинин кыжырдануусун пайда кылды. Чек арадагы окуядан кийин учурда Баткен эли оор жоготууларды башынан өткөрүп турганда видеонун максаты биз үчүн түшүнүксүз болуп турат. Эмгек сиңирген артист Шайыр Касымалиева жана ушул видеого тиешелүү маданият кызматкерлери бул кыска роликби же атайын тасмабы тез арада толук кандуу түшүндүрүп берүүсүн жана Баткен апаларынан кечирим суроосун облус жетекчиси катары талап кылам", - деди.

Аталган тасманын сценаристи, режиссёру жана баш каармандын ролун ойногон Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева көпчүлүктүн талабынан кийин кечирим сурады.

Ал SUPERTV каналына маек берип, Баткен элинен кечирим сурап, тасмадагы чекилик андан кеткенин белгиледи.

"Чыгармада Караматтын образы (баш каарман) бала кыял, бир аз апендичалыш болуп жазылган. Үч уктасам да түшүмө кирген эмес ушул тасма менен Баткен элинин жүрөгүн оорутуп, ызаа кылып алам деп. Баткендеги эже-сиңдилерден, мырзалардан кечирим сурайм. Мырзалар апалары үчүн намыстанып "менин апам сиздин Караматыңыздан 100 эсе өйдө" дегендер болду. Бардык сын-пикирлерди кабыл алдым, өзүмдөгү кемчиликти моюнга алып, бардыгыңыздардан кечирим сурайм. Мазактап, кемсинтип, маскаралайын деп жасалган чыгарма эмес. Биздин чекилик Караматты өтө кары, өтө жүдөө кылып көрсөтүп, өзбек көйнөк кийгизип койгонубузда болду. Ошондон улам кинонун мааниси артта калып калды", - дейт ал.

Режиссёр белгилегендей, тасма тартылып жатканда Баткендеги кагылыштын изи дагы болгон эмес. Көптөгөн талкуулардан кийин аталган тасма YouTube`дан өчүрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8780