Баткендеги кагылышта каза болгондордун, жабыркагандардын насыяларын кечүү сунушталды
RU

Баткендеги кагылышта каза болгондордун, жабыркагандардын насыяларын кечүү сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук банк "Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардарларга колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу" токтомун кабыл алды. Бул токтом сентябрь айында Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу учурунда жапа чеккендердин насыялары менен милдеттенмелерин кечүүгө байланыштуу.

Аталган токтомго ылайык, коммерциялык банктарга, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:

  • Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардарлардан келип түшкөн бардык кайрылууларды талапка ылайык кароо;
  • Окуяда каза болгон, жарадар болгон, бизнесинен жана/же турак жай кыймылсыз мүлкүнөн ажыраган жарандардын насыяларын эсептен алып салуу аркылуу чечимдерди кабыл алуу жана көмөктөшүү;
  • Кредиттерди реструктуризациялоо, анын ичинде жабыркаган кардарлардын кредиттеринин ордун жабуу мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу;
  • Кредиттик келишимдердин шарттарын кайра кароого байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегербөө жана албоо;
  • Кредиттик келишимде каралган милдеттенмелер аткарылбагандыгы/талапка ылайык аткарылбагандыгы үчүн кардарларга айыптык санкцияларды колдонбоо, анын ичинде үстөк айыпты (айып пул/туум) чегербөө, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун алкагында жабыркаган кардарларга башка жардам көрсөтүү чараларын караштыруу;
  • Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 жумуш күн ичинде Баткен жана Ош облустарында 2022-жылдын сентябрында болгон окуядан жабыр тарткан кардарларына маалымат берүү.

Улуттук банк буга чейин коммерциялык банктарга, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына Баткен жана Ош облустарында ушул жылдын сентябрында болгон окуядан жабыр тарткан кардарларына колдоо көрсөтүү жөнүндө сунуш-көрсөтмө кат жөнөткөн. Ошондой эле бул маселе 23-сентябрда тегерек столдун жүрүшүндө талкууланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8784