Ташиев чек ара келишими ачык талкууланарын, бирок камерага тартууга тыюу салынарын айтты
RU

Ташиев чек ара келишими ачык талкууланарын, бирок камерага тартууга тыюу салынарын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитациялоо боюнча келишимди талкуулайт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев талкууга баардыгы – журналисттер, блогерлер, мамлекеттик же коомдук ишмерлер – камерасыз кире аларын билдирди.

"Бүгүн президент Жапаровдун сөзүнүн негизинде кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кол коюлган бардык протоколдорду ачык талкуулайбыз. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин долбоорун даярдап, комитеттен өткөргөнү жатабыз. Биз ушунун баарын эл менен талкуулоону каалайбыз. Журналисттер же блогерлер, бийлик өкүлдөрү же коомдук ишмерлер,депутаттар дагы чогулушка келсе болот. Бирок диктофонго, видеого тартып же жаздырууга болбойт", - деди Камчыбек Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8788