Коргоо министрлигинин аскердик техника оңдой турчу базасы ачылды
RU

Коргоо министрлигинин аскердик техника оңдой турчу базасы ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-октябрда аскер бөлүктөрүнүн биринин аймагында КР Коргоо министрлигинин Курал-жарак жана аскердик техника боюнча борбордук оңдоо базасы ачылды.

Ачылыш аземине Бакыт Төрөбаев жана Россия Федерациясынын коргоо департаментинин өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Базанын аймагында аймагында курал-жарактарды жана аскердик техниканы комплекстүү тейлөөнүн жана оңдоонун бардык түрлөрү жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын башында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Коргоо министрликтеринин ортосундагы эл аралык аскердик кызматташтыктын алкагында аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча келишимге кошумча макулдашууга кол коюлган.

Бакыт Төрөбаев россиялык тарапка аскердик-техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8795