Өзгөн жана Бишкектин тургундары Кемпир-Абадды Кыргызстанга кайтарууну талап кылышууда
RU

Өзгөн жана Бишкектин тургундары Кемпир-Абадды Кыргызстанга кайтарууну талап кылышууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөн районунда Өзбекстан менен түзүлгөн келишимге нааразы болгон эл топтолду. Бул тууралуу күбөлөр социалдык түйүндөргө жарыялашты.

Тургундар Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп кетти деп нааразы. Алар Райондук акимчиликтин имаратынын жанына чогулушкан. Бийликтегилер аларга жооп бере элек. Алар бул маселе боюнча 15-октябрда курултай өткөрүү талабын өлкө жетекчилиги эске албаганына нааразы.

"Биздин президент кимдер менен жолугушуу үчүн келгенин унутуп калган окшойт. 20 эле адам келишимге каршы чыгып, калганынын баары колдоду деп айтты. Андай эмес, каршы чыккандардын саны абдан көп. Бул жерден эч кандай саясат издеп кереги жок. Биз карапайым калк Кемпир-Абаддын берилишине каршыбыз", - деди жыйындын катышуучуларынын бири.

Ага катар эле Бишкектин тургундары да Кемпир-Абадды Кыргызстанга кайтарууну талап кылып чыгышты.

Мындан сырткары алар Баткен облусундагы төрт чек ара заставасын кайтарууну да талап кылышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Садыр Жапаров бул маселеде мамлекет бир эле райондун тургундарынын каалоосу менен чектелбестигин билдирген.

"Өлкөнүн, элдин тагдырын Өзгөнгө гана байлап албашыбыз керек. Бир облустун деңгээлинен жогору бололу. Өлкө ичинде эки облустун ортосундагы маселени чече турган болсок, анда башка жагдай болмок", - деген президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8796