Гүлжигит Алыкулов Казакстандын суперкубогунда укмуштуудай гол киргизди (видео)
RU

Гүлжигит Алыкулов Казакстандын суперкубогунда укмуштуудай гол киргизди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2019-жылы Кыргызстандын эң мыкты футболчусу деп табылган Гүлжигит Алыкулов Казакстандын Суперкубогунда укмуш гол киргизди. Ошол учурдун видеосу социалдык тармактарга тарап жатат.

Белгилей кетсек, 3-мартта, Казакстандын Суперкубогунда Костанай шаарынын "Тобол" жана алматылык "Кайрат" клубдары беттешкен. Оюн 3:2 эсеби менен жүрүп жаткан. Матчтын соңунда кошумча убакыт берилип, Гүлжигит Алыкулов гол киргизип, эсепти теңдеген.

Бирок андан кийин пенальти сериясы дайындалып, "Тобол" клубу жеңишке ээ болгон.

Бүгүн, 5-мартта "Кайрат" клубу карагандалык "Шахтер" менен үчүнчү орун үчүн беттешет.

Эске салсак, 2020-жылдын 28-январында Кыргызстандын курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" (Алматы, Казакстан) клубу менен эмгек келишимин түзгөн. Контракт "2+1" схемасы менен түзүлгөн. Бул контракт эки жылга түзүлүп, дагы бир жылга узартылышы мүмкүн, дегенди билдирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/879