Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болду
RU

Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашат.

Белгилүү болгондой, Нью-Йорк шаарында 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайлоодо Кыргызстан уюмга мүчө болгон 126 мамлекеттин колдоосуна ээ болду.

Азиялык топтун ичинен 2023-2025-жылдар үчүн БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясынын төрт оруну үчүн алты өлкө - Кыргыз Республикасы, Афганистан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив аралдары жана Корея Республикасы күрөштү.

Кыргыз Республикасынын мындай беделдүү эл аралык органга кезектеги шайлоосу – бул өлкөнүн адам укуктарын коргоо жаатындагы жетишкендиктерин жана анын адам укуктарын, негизги эркиндиктерин жана демократиялык өнүгүүсүн коргоо жана илгерилетүү боюнча дүйнөлүк кампанияга келечектеги салымын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таануу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8824