Бишкекте эки жигит жасалма долларды сатууга аракет кылышкан
RU

Бишкекте эки жигит жасалма долларды сатууга аракет кылышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жасалма долларды сатууга аракет кылган эки жаран кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, республикага жасалма долларларды жеткирген каналдын ишине бөгөт коюлду.

Маалым болгондой, 10-октябрда Бишкек шаарында А.С.А. жана С.У.С. аттуу жарандар 5 700 доллар жасалма банкноттордун партиясын сатууга аракет кылышкан. Ошондой эле алардын криптовалюта (электрондук акча) сатып алууну көздөгөндүгү аныкталды.

Бул факты боюнча 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8834