Быйыл Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жете турганы айтылды
RU

Быйыл Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жете турганы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жетет.

Эсептөөлөргө караганда 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн.

Алдын ала болжолдоо боюнча жетинчи миллионунчу Кыргызстандын жараны 2022-жылдын 20-октябрына чейин болушу керек деп эсептешкен.

Белгилей кетсек, алты миллионунчу жаран жети жыл мурун, 2015-жылы төрөлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8836