Министрлик: Косметологиялык борборлордун ичинен экөө эле анча-мынча талаптарга жооп берет
RU

Министрлик: Косметологиялык борборлордун ичинен экөө эле анча-мынча талаптарга жооп берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков Бишкектеги косметологиялык борборлордун көбү талапка жооп бербей турганын айтты. Бул туурасында ал бүгүн, 12-октябрда косметологиялык клиникаларды жана кабинеттерди текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берип жатып билдирди.

"Кызмат көрсөткөн 18 жай текшерилди. Анын ичинен 2 борбор анча-мынча талаптарга жооп берет экен. Ал эми 7 борбордо лицензия болгону менен билими жоктор иштесе, дагы 9 борбордун лицензиясы жок, билими жок кызматкерлер иштеп жатканы аныкталды. Текшерүү учурунда айрым борборлор жабык болуп жатты", - дейт ал.

Министрдин орун басары бул жааттагы иштерди калыбына келтиргенге чейин жарандарды косметологиялык процедураларды жасатуудан карманууга чакырат.

Текшерүү Бишкек, Ош шаарларында, Ош облусунда жана Баткенде жарым-жартылай жүргүзүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8838