Бишкекте косметологдун кызматынан дагы бир айым жабыркады
RU

Бишкекте косметологдун кызматынан дагы бир айым жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин тургуну косметологдун кызматынан жабыркап милицияга кайрылган. Бирок эки айдан ашык убакыттан бери косметологго карата чара колдонулбай жатканы кабарланды.

Октябрь РИИБдин маалымат кызматынан бул факты каттоого алынганы, тергөө иштери жүрүп жатканын айтты.

10-июнда шаар тургуну К.А. милицияга кайрылган. Ал 12-майда шаардагы косметологиялык борборлордун биринде косметикалык процедура жасаткан. Анын кесепетинен жүзүндө өзгөрүүлөр пайда болуп, түшүнүксүз нерсе чыкканын айтып, кызмат көрсөткөн адиске карата чара көрүү өтүнүчүн келтирген. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Жабырлануучунун алган жаракатынын оордугун аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен косметологдун ишине юридикалык баа берилет.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө сулуулук кызматын көрсөткөн жарандын жүргөн жерин аныктап, тергөөгө алып келүү боюнча багыттама берилген.

Буга чейин, "Ош базарындагы" жеке менчик клиникалардын биринде косметикалык процедурадан кийин бетинде тырыктар калып калган келин милицияга кайрылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8289