"Азия Оскары" сыйлыгы үчүн Кыргызстандан "Эсимде" тасмасы ат салышат
RU

"Азия Оскары" сыйлыгы үчүн Кыргызстандан "Эсимде" тасмасы ат салышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү режиссёр Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "Азия Оскары" сыйлыгына көрсөтүлдү. Аталган тасма "Мыкты фильм", "Мыкты сценарий" жана "Мыкты роль жаратуучу" номинациялары боюнча ат салышарын продюсер Айгүл Койчуманова билдирди.

Салтанаттуу иш-чара Австралиянын Голд-Кост шаарында 11-ноябрда өтөт. Анда 70тен ашык өлкөнүн режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлүп, бааланат.

APSA сыйлыгы 2007-жылы түзүлүп, эл аралык сыйлыктардын арасында барган сайын маанилүү болуп, кинематография тармагында "Азия Оскары" деп аталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8849