Мектептеги окуу толугу менен 1-апрелден тартып башталат
RU

Мектептеги окуу толугу менен 1-апрелден тартып башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Артём Новиков белгилегендей, 9-марттан баштап Бишкекте 2-3-4-класстардын окуучулары үчүн окуу процесси офлайн режиминде, 1-апрелден баштап өлкө боюнча бардык класстарга салттуу түрдө окуу башталат.

"Ошону менен катар белгилей кетүүчү нерсе, мектептер ата-энелерден окуу китептерин сатып алууну жана 2021-жылдын 1-сентябрына чейин атайын мектеп формасын кийүүнү талап кылышпайт. Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү бийлик органдары, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги окуу процесстерин толук кандуу жандандырууга даярдыктарды камсыздоосу зарыл. Мындан тышкары "мектеп" медицинасын ишке киргизүү боюнча иштер жүрүүдө, ар бир окуучунун саламаттык картасы түзүлөт", - деди Артем Новиков.

Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле мектеп программасынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу маселеси талкууланды, мында табигый илим сабактарына артыкчылык берилет, ошондой эле бала бакчадан, мектептен баштап андан жогору карай билим берүү процессинин бирдиктүү үзгүлтүксүз ырааттуулугу калыбына келтирилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/884