Айбек Бузурманкулов Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду
RU

Айбек Бузурманкулов Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айбек Бузурманкулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.

Белгилүү болгондой, Бузурманкулов башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу бул кызматынан бошотулду. Мындан мурун ал "РСК Банктын" директорлор кеңешинин курамына киргени белгилүү болгон.

Эске салсак, Айбек Бузурманкулов 2020-жылдын октябрь айында Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/887