8-мартта Бишкекте жоогазындар 100-150 сомдон сатыла баштайт
RU

8-мартта Бишкекте жоогазындар 100-150 сомдон сатыла баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бир күн бир жыл багат" деген сөз гүл сатуучуларга куп жарашат. Анткени алар 8-март майрамына күн мурунтан эле даярдык көрүшөт. Гүлдөрдү сактоо үчун кошумча кампаларды да ижарага алышат. Себеби катардагы күндөргө салыштырмалуу он эсе көп гүл сатышат.

Заказдар март айынан биринен тартып эле түшө баштайт, бирок эң активдүу учуру 8-мартка туш келет. Бул күнү гүл саткан дүкөндөр түн оогончо иштешет.

Жазында сатылган гүлдөрдүн дээрлик бардыгы сырттан алып келинет. Болгону жоогазындын альсометрия деген сортту Бишкектеги күнөсканаларда өстүрүлөт.

Жоогазын гүлүнүн баасы эң жеткиликтүү, бирок майрамдын алдында ага болгон баа дагы кыйла көтөрүлот. Мисалы марттын башында бирөөсү 100 сомдон сатылса, 8-мартта 150 сомдон кем эмес сатылат. Голландиялык розалардын бирөөсү 150-200 сом.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/891