Бишкекте тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары мас абалында машине айдап кармалды
RU

Бишкекте тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары мас абалында машине айдап кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2-мартта, болжол менен саат 05:00до милициянын майору Тазагүл Абдукахарова машинени мас абалында айдагандыгы үчүн кайгуул кызматы тарабынан токтотулган. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Абдукахарова Toyota Highlander унасын айдап баратып, токтот деген буйрукка баш ийген эмес. Ошонун айынан кайгуул кызматы узак убакытка чейин анын артынан кууп жүрүүгө аргасыз болгон. Бишкектеги жаңы конуштардын бирине жеткенде гана аны токтотууга мүмкүн болду, себеби машинесинин бир дөңгөлөгү жарылып кеткен.

Иштин чоо-жайын аныктоодо Абудкахарова ызы-чуу салганына карабастан анын унаасы убактылуу токтотуучу жайга жеткирилген. Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Тазагүл Абдукахарова наркологиядан тест тапшырып, ал анын канында алкоголь бар экенин тастыктады.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/896