Энергетика министрлиги: Бензиндин баасы дагы 7-10 сомго кымбаттайт
RU

Энергетика министрлиги: Бензиндин баасы дагы 7-10 сомго кымбаттайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Айтмамат Кадырбаев Жогорку Кеңештин энергетикалык комплекс жана жер кенин колдонуу комитетинин жыйыны учурунда билдирди.

"Нефтетрейдерлер берген маалыматка ылайык, ушул жылдын январь жана февраль айында Россиядагы нефть иштетүүчү заводдордо баалар бензиндин тоннасына $100-150 көтөрүлгөн, бул бензиндин 7-10 сомго кымбатташына алып келет, ал эми дизель күйүүчү майынын тоннасы $40-60ка көтөрүлдү, демек, бизде да 3-4,8 сомго кымбаттайт", - деди ал.

Белгилей кетсек, күндөн-күнгө Кыргызстанда машине тебүү кымбатка тура баштады. Күн санап, май күйүүчү жайларда бензин кымбаттап келет. Орто эсеп менен алганда, акыркы бир айда күйүүчү майдын баасы 3-4 сомго кымбаттады.

Эмне үчүн күйүүчү майга баа көтөрүлүп жатат?

Нефтетрейдерлер баанын көтөрүлүшүн россиялык заводдордогу чыгаруу наркынын кымбатташына жана сомдун девальвациясына байланыштырып жатышат. Бул эки фактор күйүүчү майды жеткирүү наркынын кымбатташына шарт түзөт. Акырындык менен бензиндин баасы 14 сомго, дизелдин баасы 8 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын божомолунда март айында бензиндин бааса дагы 8%га өсөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/905