БАУга тапшыруу: эмне, кайда, качан?
RU

БАУга тапшыруу: эмне, кайда, качан?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мектепте окуунун акыркы жылы – бул жогорку класстын окуучулары жана алардын ата-энелери үчүн маанилүү жана чечүүчү мезгил. Келечектеги кесибин тандоо менен бирге, көптөгөн университеттердин ичинен керектүү билим менен көндүмдөрдү бере турганын тандоо, ал университетке даярданып, тапшыруу экзамендерин берүү, ошол эле мезгилде финансылык маселе жагын чечүү мааниге ээ.

Борбордук Азия университети 2020-2021 академиялык жылга тапшырууга арыздарды кабыл алууну баштады. Окуучулардын тапшыруу, талаптар жана финансылык жардам тууралуу суроолору дагы деле көп болгондуктан, студенттерди тартуу боюнча команда абитуриенттердин өтө көп берилүүчү суроолоруна жооп беришти.

БАУ кайсы программаларды сунуштайт?

Борбордук Азия Университети (БАУ) негизги көңүлүн алыскы жайгашкан тоо коомчулуктарын социалдык-экономикалык жактан колдоо аркылуу өнүгүүсүнө буруп жаткан университет. Ошого байланыштуу, бул жогорку окуу жай талапка ээ "Компьютердик илимдер", "Коммуникация жана ММК", "Жер жана айлана чөйрө жөнүндөгү илимдер", "Экономика" багыттарындагы бакалавриат программаларын толугу менен англис тилинде Нарын (Кыргызстан) жана Хорог (Тажикстан) шаарларында жайгашкан кампустарда сунуштайт.

БАУнун кампустары – бул уникалдуу билим алуу комплектсери, аларда жалгыз гана билим гана бербестен, ыңгайлуу шарттарына ээ жатаканалар, беш маал тамактануу, медициналык тейлөө, спорттук комплекстер жана көптөгөн башка мүмкүнчүлүктөрдү өзүнүн студенттерине сунуштайт, анын баардыгын пайдалануу БАУда билим алуунун төлөм акысына киргизилген. Студенттер экологиялык жактан таза, абасы булганбаган аймакта шаардын кымкуут шартынан жана ызы чуусунан алыс жашап, билим алышат.

БАУга тапшыруу процесси кандай өтөт?

Тапшыруу процесси 2 этапта өткөрүлөт:

• Биринчи этапта студенттерге толтурулган арыз формасын кошумча документтер менен биргеликте 2021-жылдын 15-мартына чейин тапшыруусу зарыл.

• Андан кийин, абитуриенттер БАУнун кириш тестин тапшырууга чакырылат, тест 2021-жылдын 4-апрелинде жекшемби күнү өткөрүлөт. Кириш экзамендери үч бөлүктөн турат: англис тили, математика жана логика.

Алдын ала өзүн сыноо үчүн мурунку жылдардагы тесттердин сынак суроолорду бул шилтеме аркылуу тапса болот: https://ucentralasia.org/Content/downloads/web_uca_sample_test_questions.pdf

Кириш экзамендерин ийгиликтүү тапшырган абитуриенттер экинчи этапка чакырылат, анда II этаптагы арыз формасын толтуруп, сунуштоо катын тапшырып, интервью өтүшүп, финансылык жардамга документтерди беришет.

Бишкектен башка жакта жашаган студенттер кириш экзамендерин кантип тапшыра алышат?

Ар бир жылы студенттерди тартуу боюнча бөлүм мектептерди, аймактардагы билим берүү борборлорун университет, тапшыруу, финансылык каржылоо тууралуу презентацияларды өткөрүү үчүн барышат. БАУнун кириш тесттери ар кайсы шаарларда дагы, калаа шаардан башка жактарда жашаган абитуриенттерге мүмкүнчүлүк берүү үчүн өткөрүлөт. Кириш тесттер Бишкек, Каракол, Ош, Талас жана Нарын шаарларында 2021-жылдын 4-апрелинде өткөрүлөт. Аймактарда өткөрүлүүчү презентациялардын жана кириш тесттердин так жана толук маалыматын алуу үчүн бизге [email protected] электрондук дарегине жазып же +996 770 822 901 (моб./WhatsApp) номерине байланышып кайрылсаңыздар болот.

Эгер абитуриент БАУнун кириш тестине катыша албаса эмне кылса болот?

Баса белгилеп кетсек, БАУнун кириш тести жылына бир гана жолу өткөрүлөт. Эгерде кандайдыр бир себептер менен абитуриент БАУнун кириш тестине катыша албаса, ал SAT жана SAT essay сынактарынын анык жыйынтыктарын 2021-жылдын 4-апрелине чейин тапшырып, көрсөтүшү керек.

Тапшыруу үчүн ЖРТнын (Жалпы Республикалык тестирлөө) жыйынтыктары керекпи жана тесттен алтын сертификат алган балдарга кандай артыкчылыктар бар?

Университет ар тараптуу өнүккөн таланттуу студенттерди стипендия, билим алуу гранты жана студенттик займ формасында берилүүчү кепилденген финансылык жардам аркылуу колдойт жана өнүктүрөт. Борбордук Азиянын академиялык жактан күчтүү студенттерине конкурстун негизинде толук стипендиялар ыйгарылат.

Ооба, ЖРТнын жыйынтыктары тапшыруу үчүн керек, бирок тандоонун негизги критерийи болуп БАУнун кириш тестинин жыйынтыктары эсептелет. Алтын сертификаттын ээлери кириш экзамендерди ийгиликтүү тапшыруу менен гана толук гранттык билим алууга кабыл алынат. 2021-жылдан баштап БАУ толук гранттарды ар кандай академиялык дисциплина боюнча республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүно толук гранттарды ыйгарат.

Суроолор болсо кайда кайрылуу керек?

Баардык суроолор боюнча биз менен [email protected] электрондук дарек аркылуу же +996 770 822 901 (моб./whatsapp) номери аркылуу толук маалымат алсаңыздар болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/907