Улуттук банк эсептик ченди 14% деңгээлинде калтырды
RU

Улуттук банк эсептик ченди 14% деңгээлинде калтырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Улуттук банк башкармасы эсептик же негизги ченди 14% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим бүгүн, 1-ноябрдан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалат.

Мындай чечим тышкы экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү шарттарын эске алуу менен кабыл алынган.

"Улуттук банк инфляцияга түрткү берүүчү тобокелдиктер жөнгө салынганга чейин учурдагы акча-кредит саясатына таянууну улантат. Кандайдыр бир тобокелдиктер орун алган шартта Улуттук банк жүргүзүп жаткан монетардык саясатка кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жокко чыгарбайт. Улуттук банк орун алган жагдайга туруктуу негизде көз салып турат жана зарыл учурда орто мөөнөттүү мезгил ичинде баа туруктуулугун камсыз кылуу максатына жетүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9101