Президент маданият кызматкерлерин куттуктап, маянасы 100 пайызга көтөрүлгөнүн белгиледи
RU

Президент маданият кызматкерлерин куттуктап, маянасы 100 пайызга көтөрүлгөнүн белгиледи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-ноябрь маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы белгиленүүдө. Президент Садыр Жапаров маданият кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчы кыргыз маданият тармагынын дөө-шааларынын жолун улап, эл аралык фестивалдарга, сынактарга катышып, ийгиликтерди жаратып өлкөбүздү бүткүл ааламга даңазалап келаткан уул-кыздардын бар экени кубандырарын айтат.

"Кыргыз Республикасынын улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программанын алкагында руханий мурасты сактоого салым кошуп, Инсандын руханий - адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын ишке ашырууга салым кошуп келе жатасыздар. Албетте, мамлекет мындай атуулдарын ар тараптан колдоп алат.

Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан Кыргызстанда искусствону жана маданиятты сактап, андан ары өнүктүрүүгө зор салым кошуп келе жаткан бул тармактын кызматкерлеринин эмгек маянасы 100%га чейин көтөрүлүп, өзгөчө көңүл бурулууда.

Кадырлуу өнөрпоздор, кымбаттуу маданият кызматкерлери! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм!

Сиздер ар күнү, ар бир көз ирмемде элдин жакшылыгын, кайгы-кубанычын бөлүшүп, жан дүйнөсүнө майрам тартуулап келесиздер. Мындан ары дагы сиңирген эмгегиңиздердин акыбети кайтсын деп тилек кылам. Сиздерге чыгармачылык бийиктиктерди, түгөнбөс эргүү каалайм!", - деп айтылат куттуктоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9116