"Бешигин терметкендей сүйлөйбүз". Депутат президентке сый-урмат менен кайрылуу керек дейт
RU

"Бешигин терметкендей сүйлөйбүз". Депутат президентке сый-урмат менен кайрылуу керек дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков милиция кызматкерлерин 1-ноябрь кесиптик майрамы менен кутутктап жатып тартип сакчыларын басынтып, кемсинтип атап, аларга сый-урмат менен мамиле жасалбай келерин айтты.

Ошондой эле маданият күнүнө байланыштуу бир топ маселелерди көтөрүп, мамлекет башчысына сый-урмат менен кайрылуунун эрежелерин иштеп чыгуу керектигин кошумчалады.

Депутаттын айтымында, коомдун маданият деңгээлин жетекчиге кантип кайрылганынан эле билсе болот дейт. Кадырбеков белгилегендей, акыркы жылдары кыргыз эли өлкө жетекчилерине ар кандай лакап аттарды ыйгарып келген.

"Мамлекет башчысын сыйлаш керек. Лидер кандай болсо да, аны сыйлап, анын көрсөтмөлөрүн аткаруу керек деген постулаттар бар. Ар бир президентке шылдыңдаган лакап аттарды бердик. Акаевди, Бакиевди, Отунбаеваны, Атамбаевди, Сооронбай Жээнбековду эмне деп гана атышты. Дүйнөлүк протоколдо да урматтуу президент дешет. А биз болсо анын бешигин терметкендей, атын, атасынын атын айтып сүйлөйбүз. Акырындык менен маданиятыбызга келишибиз керек", - деди эл өкүлү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9126