Кара-Кулжада ыкчам кызматкерлер 120 миң сом талап кылганга шектелип кармалды
RU

Кара-Кулжада ыкчам кызматкерлер 120 миң сом талап кылганга шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Кулжа РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери пара тлап кылууга шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришет.

Маалым болгондой, укук коргоо органдарындагы коррупцияга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө 1-ноябрга караган түнү Кара-Кулжа РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери А.уулу А. жана А.Ж.А. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалышты. Алар кылмыш ишти оң жагына чечип берем деп 120 000 сом талап кылганы такталды.

Учурда кармалгандар УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди,. Ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9127