"Бизге өзүбүздүн жерибиз керек". Кемпир-Абаддын жанындагы айылдан репортаж
RU

"Бизге өзүбүздүн жерибиз керек". Кемпир-Абаддын жанындагы айылдан репортаж

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясы Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундары менен баарлашып кайтты. Алар суу сактагычты Өзбекстан менен биргелешип башкаруу келишимине эмне үчүн каршы чыгып жатышкандарын түшүндүрүштү.

Жергиликтүү тургундар кыргыздардын үйлөрү жайгашкан жерди көрсөтүшүп, дал ушул жерден чек ара сызыгы (деңиз деңгээлинен 900 метр бийиктикте) өтөрүн айтып беришти. Эгер суу сактагыч коңшу өлкөгө өтсө бул жер бейтарап (нейтралдуу) аймак болуп калат. Ал эми нейтралдуу аймакка эч кандай курулуш жасоого болбойт. Ал жерде жашагандар башка жакка көчүп кетүүгө аргасыз болушат да үйлөрү бузулат деп тынчсызданышат айыл эли.

Суунун деңгээли 900-горизонтко сейрек жетет, ага жетпеген учурда жерлер дыйканчылыкка пайдаланылат. 1974-жылга чейин бул тилкедеги 5 737 гектар жерге күрүч, жүгөрү эгилчү.

Жергиликтүү тургундар сууну коңшу өлкөнүн элинин пайдалануусуна каршы эмес. Алар жерди Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы.

Аталган айылдын жашоочулары бийликке нааразы. Алар Кемпир-Абадды коргойбуз деп чыккандарды камап, "элим, жерим, суум" дегендерди чыккынчы көрүп жатат дешет. Тургундар Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыгып камакка алынгандарды бошотууну талап кылышат.

Эске салсак, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.

27-октябрда кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилген. Камакка алынгандар:

  • Акылбек Айтбаев.
  • Айданбек Акматов.
  • Нурлан Асанбаев.
  • Бектур Асанов.
  • Атай Бейшенбек.
  • Азимбек Бекназаров.
  • Эрлан Бекчороев.
  • Айбек Бусурманкулов.
  • Гулнара Журабаева.
  • Кеңешбек Дүйшебаев.
  • Равшан Жээнбеков.
  • Кубанычбек Кадыров.
  • Рита Карасартова.
  • Чынгыз Капаров.
  • Таалайбек Мадеминов.
  • Улукбек Маматаев.
  • Жеңиш Молдокматов.
  • Асия Сасыкбаева.
  • Клара Сооронкулова.
  • Перизат Суранова.
  • Али Шабдан
  • Марат Баязов.
  • Канат Исаев.

Талант Эшалиевге карата сот сырттан баш коргоо чарасын – үй камагын тандады. Андан сырткары Мамбетжунус Абылов, экс-депутат Орозайым Нарматова менен жарандык активист Илгиз Шаменов Россияда кармалды.

Канат Исаевден башкасы "массалык баш аламандык" беренеси боюнча каралууда. Анын иши "жашыруун" деп белгиленген

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9132