Кыргызстанда COVID-19га антителолордун бар-жогун изилдөөнүн 3-баскычы жүрүүдө
RU

Кыргызстанда COVID-19га антителолордун бар-жогун изилдөөнүн 3-баскычы жүрүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда COVID-19га антителолордун бар-жогун изилдөөнүн 3-баскычы жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматта Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын жыргалчылыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы менен кызматташуунун алкагында 2022-жылдын 31-октябрынан 4-ноябрына чейин ар кандай курактагы топтордо калктын SARS-CoV-2 вирусуна каршы иммунитетин баалоо үчүн изилдөө жүргүзүлүп жаткандыгы айтылат.

Изилдөө эпидемиянын жайылышын болжолдоо, инфекциядан кийинки иммундук жооптун узактыгын баалоо жана эмдөөнүн натыйжалуулугун баалоо, Кыргызстандын калкынын арасында коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча чараларды иштеп чыгуу максатында жүргүзүлүүдө.

Изилдөөгө 2021-жылдын июль айында изилдөөнүн биринчи баскычында текшерилген бардык 9 469 адам кирди.

3-баскычтын башкы максаты COVID-19 инфекциясынан айыккандан кийинки иммундук жооптун туруктуулугун жана анын ар бир адамдагы динамикасын, ошондой эле эмделгендерде вакцинадан кийинки антителолорду аныктоо болуп саналат.

Үчүнчү этаптын маңызы: мурунку этаптарга катышкан бардык ыктыярчылардан венадан канды кайталап алуу.

Ар бир ыктыярчы COVID-19га антителолордун бар же жок экендиги же эмдөөдөн кийинки антителолордун деңгээли боюнча корутунду алат.

Үчүнчү этапка катышуу толугу менен акысыз болот.

Изилдөөнүн ушул бачкысына катышуу үчүн ар бир катышуучу республиканын бардык райондорундагы жана шаарларындагы кан алуу борборлоруна барып, 2022-жылдын 31-октябрынан 4-ноябрына чейинки саат 9дан 14:00 аралыгындагы өзүнө ыңгайлуу убакытты тандаса болот.

Бул изилдөө КР ССМнын "Алдын алуучу медицина" ӨЭУ базасында Пастер атындагы Санкт-Петербург ЭжМИИИ кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9133