"Мобилизацияга кабылганбы деп тынчсызданам". Россиядагы уулунан кабар күткөн эненин баяны
RU

"Мобилизацияга кабылганбы деп тынчсызданам". Россиядагы уулунан кабар күткөн эненин баяны

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин тургуну Татьяна Скиба Россияга кеткен уулу Вячеслав Александрович Скиба дайынсыз болуп жатканын айтып Kaktus.media редакциясына кайрылды. Айтымында, бир нече ай мурда Вячеслав Зеленоград шаарына "Озон" заводуна иштегенге кеткен. Бир айдан кийин уулу менен байланыш үзүлгөн, ал учурда Россияда жарым-жартылай мобилизация башталган.

Вячеслав Россиянын жараны. Эненин айтымында, уулу жумушка келишим менен кеткен.

"Ал бир ай иштеген, билет жана башка деп маянасынан кармап калышкан. Ага убадаланган акчаны беришкен эмес. Андан кийин уулум келишимди бузуп, жумуштан өз каалоосу менен кеткен имиш. Муну "тастыктаган" кагазды Вячеслав келишим түзгөн ишкананын Бишкектеги филиалынан көрсөтүштү. Бирок анда эч кандай буйруктун номерлери болгон эмес. Анан калса коюлган кол менин уулумдуку эмес", - деп айтып берди.

Татьяна Скиба уулу менен акыркы жолу 28-июнда сүйлөшкөн. "Ал Россиянын жараны болгондуктан Россиянын Куралдуу күчтөрүнө кызмат өтөөгө жиберип салышкан жокпу деп коркуп жатам. Ал төрт айдан бери байланыша элек. Мурда дайынсыз кеткен эмес, дайыма байланышта болчу", - деп тынчсыздануусун билдирди.

Ал Кыргызстандын укук коргоо органдарына же Россиянын Бишкектеги элчилигине арыз менен кайрылган эмес. Татьяна Скиба аткаминерлер жардам бере албайт дейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9143