Түнкүсүн балдарын кароосуз калтыргандарды ата-энелик укугунан ажыратуу сунушталды
RU

Түнкүсүн балдарын кароосуз калтыргандарды ата-энелик укугунан ажыратуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы мыйзам долбоорун демилгелеп, ага ылайык жашы жете элек балдары түн ичинде кароосуз калган жарандарды ата-энелик укугунан ажыратуу сунушун айтты. Сунуш 4-ноябрда Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга жарыяланды.

Депутаттын сунушу боюнча балдарды жайдын күнү 23:00дон 06:00го чейин, ал эми башка мезгилдерде 22:00дон 06:00го чейин көчөдө калтырбаш керек.

"Бул эреже ата-энелердин жана башка баланы багып жаткан кишилердин жоопкерчилигин арттырып, жашы жете электерди терс кесепеттерден коргойт",- деп жазылат сунушта.

Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн демилгечиси, эгерде бул норма кабыл алынса, мамлекет оор турмуштук кырдаалда жашаган балдарга жардам берерин белгилейт.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында бул демилге "балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында" иштелип чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9167