Атасын саткан "балашка". Акаев менен Төрөбаевдин кайым айтышуусу
RU

Атасын саткан "балашка". Акаев менен Төрөбаевдин кайым айтышуусу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйыны учурунда депутаттар Жанар Акаев менен Бакыт Төрөбаев айтыша кетишти.

Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуу учурунда Жанар Акаев айрым коллегалар регламентти бузуп жаткандыгын билдирди.

"Регламент боюнча кетели, деп айтып жатсак, чыгып эле Конституцияны колдойбуз, Жапаровду колдойбуз деп кыйкырып жатышат", - деди Акаев.

Андан кийин микрофонго Бакыт Төрөбаев чыгып, Жанар Акаев ага кыйытып айтып жатат деди.

"Президенттин мага айткан сыны мен үчүн дары деп коём. Аны коркпой эле айтам, уялбайм. Ал киши өзүнүн ыктыяры менен кетти, биз ага баа бердик. Бирок баласы атасын саткан чоң күнөө, эч качан унутпагын, сен ким элең, ким болдуң! Мен сага тийишкен жокмун. Сен мага кыйытып сүйлөбөй жүргүн, уктуңбу, иним", - деди Төрөбаев.

Акаев оппонентине дароо жооп кайтарып:

Бакыт Эргешович, сизге дагы бир жолу айтып коёюн, дары болсун, бирок дары болбоптур. Мен Атамбаев менен иштегениме азыр да сыймыктанам, анткени биз болгонун болгондой айтып отурганбыз. Ошондо силер бул жерде унчукпай отургансыңар. Мен сиздин ордуңузда болгонумда микрофонго чыгып такыр сүйлөбөйт элем. Улам келген президенттердин этегине намаз окуп жатасыз. Өзүңүз айтып калдыңыз, керек болсо сиз атаңыздын татыктуу уулу боло алган жоксуз. Атаңыз ушул жерде депутат болгон. Уялбай чыгып алып каяктагы ата-баланы айтып жатасыз", - деди.

Төрөбаев кайра микрофонго чыгып, "балашка" деген сен эмес белең, деп эскертти.

"Жанар иним, мен ошол президенттердин алдына намаз окуганымды көрдүң беле? Биз өзүбүз үчүн окуйбуз. "Балашка" деген сен эмес белең, ошол киши сени өстүргөн. Сен анан далыңды салып кетип калбадыңбы. Ошон үчүн кимдин ким экенин билип алгын", - деди Төрөбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/916