Дмитрий Бивол чемпиондук курун коргоп калды
RU

Дмитрий Бивол чемпиондук курун коргоп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери, мушкер Дмитрий Бивол Абу-Дабиде өткөн бокс боюнча беттеште чемпиондук курун коргоп калды.

Бокстун WBA версиясы боюнча турнир 5-ноябрда "Этихад Аренада" орун алып, анда Бивол мексикалык Хильберто Рамирес менен беттешти.

Буга чейин Дмитрий Бивол канадалык Жан Паскаль, америкалык Жо Смит кичүү, мексикалык Сауль Альварести жеңген.

Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Учурда Россиянын атынан чыгып жүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9171