Дубайда асман тиреген имараттын жалындап күйгөн видеосу
RU

Дубайда асман тиреген имараттын жалындап күйгөн видеосу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дубайдын Downtown районунда асман тиреген имарат күйүп жатат. Emaar компаниясы курган имаратты дээрлик өрт каптады. Азырынча өрт тууралуу, анын кесепетинен жабыркагандар жана кыйроллор боюнча расмий маалыматтар айтыла элек.

Күбөлөрдүн айтымында, өрт бир нече мүнөттүн ичинде эле күч алган. Жеринде өрт өчүрүүчүлөр, полиция кызматкерлери адамдарды эвакуациялап, өрттү чектөөгө алуунун үстүндө иштеп жатышканы кабарланат.

Emaar компаниясы Бириккен Араб Эмираттарындагы бир катар ири курулуш долбоорлорун ишке ашырып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9176