Ата энелер жана сатуучулар: Мектеп окуучуларынын кийимдери кымбаттады
RU

Ата энелер жана сатуучулар: Мектеп окуучуларынын кийимдери кымбаттады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте этап-этабы менен салтуу окутуу форматы жандана баштады. 9-марттан тартып, 2-,3-, 4-класстар мектепке барып окуп жатышат. Ошондон улам көпчүлүк ата-энелер балдарын ээрчитип, базарлап жөнөштү.

Ата-энелердин айтымында, балдар мурунку формасынан эбак эле чоңоюп кетишкен, үйгө кийген кийиминен башкасы калган эмес.

Мектеп балдардан "форма кийип келгиле" деген талап кое алабы?

Билим берүү министрлиги мектептер окуучулардан форма кийип келүүнү талап кыла албайт. Бирок, мектептер дресс-коддун сакталышын каалашат: үстү ак, асты кара.

Борбор шаардын мэриясы Kaktus.media'га окуучулар формасыз мектепке бара берсе болот, деп расмий түрдө билдирүү жасашты. Эгер мугалимдер же мектеп администрациясы ата-энелерден форманы талап кылса, алар бул тууралуу билим берүү башкармалыгына же муниципалитетке билдирсе боло тургандыгын баса белгилешти.

Базарлардагы абал

Бирок мэриянын түшүндүрүү иштеринин жүргүзгөнүнө карабастан, ата-энелер балдары менен базар кыдырып жөнөшкөн. Себеби бир жылдын ичинде мурда кийип жүргөн формалары чак келбей калган, болгон кийими менен мектепке жиберүүдөн тартынып жатышат.

Сатуучулардын айтымында мурункудай мектеп формасын сурагандар жокко эсе. Форма кадимки кийимге караганда кымбат турат, бирок сапаты жагынан эч кандай айырма жок.

"Көпчүлүгү үстү ак, асты кара кылып алып жатышат. Бул кийимдердин да баасы көтөрүлдү. Мисалы, мурун 700 сомдон алган товарды азыр 950 сомдон алып келип жатышат. Бир эле джемпердин баасы 250 сомго кымбаттады. Биз да үстүнө ушунча сом кошуп сатабыз. Суроо-талап өстү деп баасын көтөргөн жерибиз жок. Болгону өзүбүз товарды кымбат алып жатабыз", - деди сатуучу.

Негизги себеп - бажы кызматынын жана жол киренин көтөрүлүшү.

Мурда бекитилген мектеп формасын сатуучулар быйыл заказ кылышкан эмес. Себеби онлайн окутуу болуп, ага болгон суроо-талап түшүп кеткен.

Бут кийим саткандар да баалардын жогорулашына арызданышты.

"Эми гана бир аздан сатып ала башташты, бирок мурункудай эмес. Мурунку жылдары бул кезде соода аябай жакшы болчу", - дейт бут кийим сатуучу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/917