Кыргыз кызына ашык болгон бельгиялык жаран ислам динин кабыл алды
RU

Кыргыз кызына ашык болгон бельгиялык жаран ислам динин кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында Альберто Вотир аттуу бельгиялык жаран ислам динин кабыл алды. Ал кыргыз кызына үйлөнүү максатында динди кабыл алганын Муфтияттан билдиришти.

Чет элдик Альберто Вотир Маркиза Шумкар кызын жактырып, ага үйлөнүүнү чечкен. Түгөйлөр Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушовго барышкан.

Мирланбек ажы Токтомушов мусулман кызга үйлөнүү үчүн ислам динин кабыл алып, мусулман болуу керектигин жана ислам негиздерин түшүндүрүп берди.

"Ислам дининде мажбурлоо жок. Биз айтып эскертебиз, кабыл алуу ар бир адамдын өз каалоосу менен болот", – деди Мирланбек ажы Токтомушов

Альберто Вотир буга чейин Курандын котормолорун окуп жүргөнүн, өзү да мусулманчылыкты кабыл алууга кызыкдар экендигин билдирип, келме айтып мусулман болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9184