Роза Отунбаева: Эртең ойгонсок, бизге кара жоолук кийгиле деп айтышат
RU

Роза Отунбаева: Эртең ойгонсок, бизге кара жоолук кийгиле деп айтышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-мартта, Роза Отунбаева "Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги" форумунда сөз сүйлөп жатып, намазканалардагы үгүт иштерине көңүл буруу керектигин айтты.

"Бир молдонун сөзүн угуп калдым, ал: "Эгер паранджаны өрттөп жатышса, демек кыздарыңарды да өрттөп жатышат", - деп айтып жатыптыр. Бийликтегилерден суранам, намазканалардагы үгүт иштерине олуттуу мамиле жасагылачы. Биз эртең ойгонсок, бизге "Бүгүнтөн баштап, бардыгыңар кара жоолук кийүүгө милдеттүүсүңөр", - деп айтышат", - деди Отунбаева.

Экс-президент Кыргызстан эркин мамлекет экенин эске салды.

"Бүгүнкү күнгө жетүү үчүн узак жол басып келгенибизди бардыгыңарга эскертким келет. Урамтту коноктор, биздин өлкөдө аялдардын тең укуктуулугу үчүн көптөгөн аялдар жана эркектер өмүрүн беришти. Бүгүн, биз - Кыргызстандын аялдары - башыбызды бийик көтөрүп, аялдардын көйгөйлөрү жана лидерлиги тууралуу талкуулап жатабыз", - деп билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/918