Орозайым Нарматованын атасынын абалы оорлошту
RU

Орозайым Нарматованын атасынын абалы оорлошту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камактагы экс-депутат, активист Орозайым Нарматованын Москвада дарыланып жаткан атасынын абалы оорлошту. Бул тууралуу Нарматованын курбусу Назира Алибекова Facebook баракчасына билдирүү калтырды.

"Бир тууган жалгыз агасы былтыр каза болгондон кийин атасы тынбай ооруп калган. Эки жолу Кыргызстанда ооруканага жатып чыкса да, жакшы боло албагандыктан, Орозайым жанына чакырып даарылатып, өзү карап жаткан. Орозайымдын санаасында азыр бир гана атасы болсо керек",- деген ал.

Назира Алибекова Орозайым Нарматова жакында эркиндикке чыгат деп ишенет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9190